• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгиленет

Аймак 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. КРнын “Эмгек баатыры” артыкчылык даражасынын ээси, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы белгиленет. Мааракелик иш-чараны өткөрүү боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин тиешелүү буйругу чыкты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, документке ылайык, мааракени уюштуруп өткөрүү боюнча жумушчу топ түзүлүп, алгачкы иш-чара 2023- жылдын 23-сентябрында Жалал-Абад шаарында өтөт. Анын алкагында Т. Байзаков атындагы сейил бакка Байзаковдун айкели орнотулуп, ошол эл күнү Жалал- Абад Мамлекеттик университетинде илимий-практикалык конференция, ал эми Жалал–Абад шаарындагы “Курманбек” стадионунда Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чара өтүп, акындын обондуу ырлары жаңырат.

Ал эми, алдыда октябрда Бишкек шаарында акындын 100 жылдыгына карата А.Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында китеп көргөзмөсү, конференция жана Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында эскерүү кечеси өтөт.

Пикир

Оставить комментарий