• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таластын чек ара аймагында кыргыз жараны баңгизат менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.11.18. /Кабар/. Талас облусунун чек ара аймагында кыргызстандык жаран баңгизат менен кармалды, - деп билдирет Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү.

23-ноябрда чек арачылар КР ИИМдин кызматкерлери менен биргеликте салмагы 710 грамм болгон баңгизатты аныкташкан.

Ыкчам-издөө иш-чарасынын жүрүшүндө Талас облусунун чек ара аймагында Кыргызстандын жараны кармалган. Текшерүү учурунда андан салмагы 710 грамм болгон баңгизаты табылган.

Тиешелүү документтер чогултулган соң, кармалган жаран КР ИИМдин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий