• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таластын тургуну 8 жылдан соң “Йакын Инкар” экстремисттик уюмуна мүчөлүктөн баш тартты

Укук тартиби 0


Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Таластын тургуну сегиз жылдан соң “Йакын Инкар” диний экстремисттик уюмуна мүчөлүктөн баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

УКМКнын кызматкерлери Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургунун радикалдык көз караштан баш тартууга жана тыюу салынган “Йакын Инкар” кыймылынан чыгууга көндүрүштү.

Т.К.Ч., аттуу жаран 2014-жылы белгисиз эмиссарлар тарабынан “Йакын Инкар” диний экстремисттик уюмунун (ДЭУ) катарына кабыл алынып, тыюу салынган адабияттарды үгүттөө жана таратуу менен активдүү алектенген.

Аталган Т.К.Ч., тандап алган диний багыттын жаңылыш экенин моюнга алып, Кыргызстандын жарандарын “Йакын Инкар” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий