• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Динара Кутманованын абактагы мөөнөтү узартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы башчысы Динара Кутманованын абактагы мөөнөтү ушул жылдын 9-октябрына чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн райондук сотто Кутманованын бөгөт чарасы каралып, сот анын абактагы мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алган.

Эскерте кетсек, Динара Кутманова УКМК тарабынан Жаратылыш ресурстары министрлигиндеги бир катар коррупциялык фактылардын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Пикир

Оставить комментарий