• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте унаа уурдоого шектелип 16-17 жаштагы өспүрүмдөр кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Бишкекте унаа уурдоого шектелип 16-17 жаштагы өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 10-январда болжол менен саат 01:30да “102” кызматына Чүй көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде токтоп турган “Хонда фит” үлгүсүндөгү унаа уурдалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалымат боюнча милициянын өздүк курамына уурдалган автоунааны кармоо боюнча багыттама берилген.

Берилген багыттаманын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш аракеттерин жүргүзүп, Ауэзов жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинен “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

Текшерүү учурунда унаанын ичиндеги 17 жаштагы Н.А. жана Ж.Б. жана 16 жаштагы Ш.Р. аттуу жарандар унааны уурдап айдап бара жаткандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча кылмышка шектүү жарандар андан ары чара көрүү үчүн Свердлов райондук милициянын тергөө кызматына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий