• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ташкенттин башкы имамы Анвар-кори Турсунов дүйнө салды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Ташкент шаарынын башкы имам-хатиби Анвар-кори Турсунов бүгүн, 13-июнь күнү эртең менен көз жумду. Бул маалыматты Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгы тастыктады.

Анвар-кори Турсуновго жаназа бүгүн Ташкент шаарындагы «Минор» мечитинде окутулат.

60 жаштагы имам 5-апрелде Республикалык медициналык борбордо операция болгон. Ошондон бери ал оор абалда комада жатканы айтылган. Буга чейин “Азаттыктын” өзбек кызматы Анвар-кори Турсунов инсульт алганын жазган.

Анвар-кори Турсунов Өзбекстандагы белгилүү диний ишмер катары эсептелген. 2009-жылы анын өмүрүнө кол салуу болгон. 31-июлда белгисиз үч киши Турсуновго тогуз жолу бычак сайган. Анвар-кори Турсуновго кол салуу шеги менен 70тей киши кармалган. Бул боюнча сот жабык режимде өткөн.

1999-жылдан бери Анвар-кори Турсунов Ташкент шаарынын башкы имамы болгон. 1989-1992-жылдары ал шейх Алауддин Мансур тарабынан өзбекчеге которулган Куранды редакциялаган.

Пикир

Оставить комментарий