• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажик жарандары такталбаган аймактагы курулушту токтотту – Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 18.09.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы такталбаган аймактарда тажик жарандары курулуш иштерин токтотту. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы атышуудан кийин тажик тарап Лейлек районунун Максат айылында "Футбол аянтчасы" жерлигинде курулуш иштерин токтоткон.

Бүгүн, 18-сентябрда Баткен районунун Жака-Өрүк жерлигинде да курулуш иштери токтоду.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланып жатат.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий