• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстанда кышында электр кубатына чектөө киргизилбейт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.10.17 /Кабар/. Тажикстанда күз-кыш мезгилинде электр кубатын берүүдө чектөө киргизилбейт. «Барки точик» энергохолдинги маалымдагандай, өлкөдө кичи ГЭСтердин, жылуулук электр борборунун курулушу электр кубатын кенен колдонууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Ошол эле маалда «Барки точик» калкты электр кубатын үнөмдүү пайдаланууга, төлөмдөрдү маалында жүргүзүүгө чакырды.

Буга чейин Тажикстан президенти Эмомали Рахмон былтыр калкка суткасына 10 саат гана электр кубаты берилгенин эске салган.

«Бирок көрүп турасыңар, лимит киргизилген жок. Биз чектөө киргизүү тажрыйбасынан толугу менен баш тарталы деген ниеттебиз. Бирок мунун баары өлкө жашоочуларынан жана ишкерлерден көз каранды», – деген президент.

Рахмон келерки жылдын соңунда Рогун ГЭСинин биринчи агрегаты иштеп баштарын, бара-бара электр кубатын чектөө - тарыхта каларын айткан.

Былтыр Тажикстандын аймактарында 1-ноябрдан тарта электр кубатына чектөө киргизилген.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий