• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстанда шаардык кеңештин экс-депутаттары пара берүү жана алдамчылык үчүн соттолду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.10.17 /Кабар/. Хужанд соту Истиклол шаардык кеңешинин мурдагы эки депутатын алдамчылыкка жана антикоррупциялык агенттиктин кызматкерине пара берүүгө күнөөлүү деп тапты. Сот өкүмүнө ылайык, Саодат Шарифзода 9, Равшан Хасанов 5,6 жыл камакта болот.

Ушул эле иш боюнча айыпталуучу катары өткөн айдоочу Акбар Исмоилов дагы алдамчылыкка күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары сот аны 85 миң доллар өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирди.

Истиклол шаардык кеңешинин депутаттары Саодат Шарифзода менен Равшан Хасанов төрт ай мурда Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин кызматкерлери тарабынан Хужандда кармалышкан.

Тергөөнүн маалыматына караганда, депутат Саодат Шарифзода айдоочусу Акпар Исмоилов менен бирге 2013-жылы жергиликтүү тургундарындын ишенимине кирип, алдамчылык жол менен 200 миң доллар алышкан. Бул кылмышты жашыруу үчүн экинчи депутат Равшан Хасанов Саодат Шарифзоданын атынан антикоррупциялык мекеменин кызматкерине 2 мин доллар пара сунуштаган.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий