• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТИМ башчысы КР дипкызматынын ардагерлеринин эмгегин жана салымын жогору баалады

Саясат 0

Бишкек, 28.12.19. /Кабар/. Кечээ, 27-декабрда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун КР дипломатиялык кызматынын ардагерлери менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда министр иштин жыйынтыктары жана келерки жылы пландаштырылып жаткан иш-чаралар тууралуу маалымдады. Ошондой эле өлкөнүн тышкы саясий ведомствосунун ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттары боюнча пикир алмашылды. Жасаган эмгектери, КР дипломатиялык кызматынын калыптануусуна жана өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн ардагерлерге ыраазычылык билдирилди.

КР дипломатиялык кызматынын ардагерлери министрлик жүргүзүп жаткан иштерге позитивдүү баа беришти жана бир катар сунуштарды айтышты.

Министр жана жолугушуунун катышуучулары КРнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси, дипломатиялык кызматтын ардагери Н.К.Кемелбаевди 80 жылдыгына байланыштуу куттукташты.

Пикир

Оставить комментарий