• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ТИМ: "Оренбург-Бишкек" чартердик каттамын уюштуруу маселеси иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 20-майында "Оренбург-Бишкек" багыты боюнча чартердик каттамды уюштуруу маселеси иштелип чыкты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, аталган каттамды уюштуруу КР президентинин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруунун алкагында Кыргызстан менен Россиянын Тышкы иштер министрлигинин эки өлкөнүн жарандарын өз ара колдоо жөнүндө макулдашуунун негизинде ишке ашууда.

"Бул каттамга отургузуу учурунда кош бойлуу аялдарга, улгайган адамдарга, кичинекей балдары бар ата-энелерге жана Россиянын медициналык мекемелеринде дарылануудан өткөн жарандарга артыкчылык берилет. Кыргызстанга келгенден кийин бардык жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат. Чет мамлекеттерде, анын ичинде Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер туруктуу негизде улантылат", - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий