• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Толкунбек Абдыгулов ээлеген кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.12.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Эске сала кетсек, Абдыгулов Улуттук банкты 2014-2017-жылдары жетектеген. 2017-жылдын август айынан тарта биринчи вице-премьер-министр болуп, эки ай өткөн соң вице-премьер болгон.

Пикир

Оставить комментарий