• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тоолуу аймактардагы карды атып түшүрүү иш-чарасы башталды

Коом 0

Бишкек, 19.03.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайын атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, карды атайын атып түшүү иш-чарасы 15нен 21-мартка чейин жүргүзүлөт.

“Жогорудагы иш-чараларды Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-255-чакырымдарында жүргүзүү үчүн, 2018-жылдын 18-март күнү саат 13:20дан 14:20га чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 222-чакырымында (Шаркыратма тилкеси) 14 снаряд атышып, 33000м3 кар көчкү түшкөн. Саат 14:50дөн 15:00гө чейин 223-чакырымда 4 даана снаряд атышып, кар көчкү түшкөн эмес. Саат 15:40тан 15:55ге чейин 226-чакырымда 4 снаряд атышып, 192000м3 кар көчкү түшкөн. Саат 17:10дон 17:30га чейин 231-чакырымда 4 снаряд атышып, 72000м3 кар көчкү түшкөн. Жалпы 26 снараяд атылып, 297000м3 кар көчкү түшүрүлгөн”,-деп айтылат маалыматта.

Бүгүн да карды атып түшүү иш-чарасы улантылат.

Пикир

Оставить комментарий