• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Турсунбеков: Кичи ишканалар аймактардын өнүгүшүнө өбөлгө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.10.17 /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Сузак районунда жүргөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков кечээ, 5-октябрда Кара-Дарыя айылдык аймагындагы күрүч заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Төрага Чыныбай Турсунбеков аймактарда ачылган мындай өндүрүштүк ишканалардын өлкө экономикасы үчүн мааниси өтө жогору экендигин белгилеп: “Кыргызстанда акыркы жылдары кичи ишканалардын саны арбып, натыйжада кайра иштетүү тармагы менен алектенген жеке ишкерлер көбөйүүдө. Бул өтө жакшы көрүнүш. Себеби, заманбап шартта дыйканчылыкты гана өнүктүрүү менен чектелбей, өстүрүлгөн азыктарды кайрадан иштетип сатуу өтө кирешелүү. Айрыкча аймактардын өнүгүшүнө, ал жакта ачылган кичи ишканалар өбөлгө болот”, – деди.

Ошондой эле өлкөнүн келечеги ар бир кыргызстандыктын колунда экенин айткан Жогорку Кеңеш Төрагасы элет элин эмгектенип ишкананы колдоого чакырды.

Белгилей кетсек, 2012-жылы Түркиялык инвесторлордун жардамы менен 8 млн. сом акча каражатына курулган күрүч заводунун кубаттуулугу саатына беш тонна сырье иштетүүгө жетет. Учурда 15 миң сомго чейин айлык маяна алып, алты адам эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий