• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тынымсыз эмгегиңер үчүн ыраазычылык билдирем! Президент статистика кызматкерлерин куттуктады

Президент 0

Бишкек, 30.04.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн мамлекеттик статистиканын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу статистика органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Азыркы заманда ийгиликтин маанилүү факторлору натыйжалуу жана оптималдуу иш-аракеттер менен аныкталып турган маалда статистикалык маалыматтар жана алардын талданып берилиши эң натыйжалуу чечимдерди аныктоодо, ишмердиктин бардык чөйрөсүн башкарууда маанилүү роль ойнойт.

Кайсы гана тармакта болбосун: мейли илим-билимде, медицинада, мейли мамлекеттик башкарууда же ишкердикте болсун, статистикалык маалыматтарга тыкыр талдоо жүргүзүлүп берилиши кеңири мерчемдөөнүн, стратегия түзүүнүн же так чечим кабыл алуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Ошондуктан коомчулукту толук кандуу, ишенимдүү, илимий жактан негизделген жана өз убагында берилген расмий статистикалык маалыматтар менен камсыздоого артыкчылык берилет.

Дал ушул өңүттөн алып караганда Улуттук статистика комитетинин санариптештирүүгө байланышкан ишмердиги биринчи кезектеги маанилүү маселелерден деп айтууга болот. Анткени санариптик трансформация маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга жана аларды талдоо иштерин ыкчамдатууга жана жакшыртууга өбөлгө болуп, статистикалык маалыматтардын тактыгын жана ишенимдүүлүгүн арттырат, кабыл алынган чечимдердин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатат. Ошондой эле мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара байланышты жеңилдетет.

Урматтуу статистика органдарынын кызматкерлери!

Мамлекеттик башкаруунун маанилүү бир бөлүгү болуп саналган статистиканын негизинде тармактарды өнүктүрүү саясаты иштелип чыгат, келечектеги тенденциялар болжолдонот. Ошондуктан сиздердин ишмердүүлүгүңүздөр жогорку квалификацияны, жоопкерчиликти, өз ишине берилгендикти жана улам өркүндөп турууга умтулууну талап кылат.

Тынымсыз мээнетиңиздер, чарчап-чаалыкпаган эмгегиңиздер үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем.Сиздерге бекем ден соолук, бакубат турмуш жана кесиптик ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!”.

Пикир

Оставить комментарий