• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Шовидеги жер көчкү курмандыктарына байланыштуу Грузиянын президентине көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 07.08.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров Шови курортундагы жер көчкүнүн кесепетинен адамдар каза болгонуна байланыштуу Грузиянын президенти Саломе Зурабишвилиге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Грузиянын Шови курортунда болгон жер көчкүнүн кесепетинен адамдар каза болуп, ири кыйроолор болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына көӊүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм», - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий