• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Убакыттын чакырыктарына жооп табуу – президент КМШ өлкөлөрүнөн келген педагогдорго эмне каалады?

Президент 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги өлкөлөрдүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V съездинин ачылышына катышып, сөз сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө бүгүнкү күндө съездге катышып жаткан делегациялардын өлкөлөрүндөгү билим берүү системасы убакыттын чакырыктарына жооп бере турган, мурдагыдай тажрыйба жана жакшы практика алмашууда активдүү интеграциялаган жаңы моделди курууга муктаж экендигин билдирди.

“Биздин өлкөлөрдүн алдында пайда болгон жаңы маселелерди азыркы билим берүү системаларынын негизинде чечүүгө мүмкүн эмес. Жаңы идеялар, долбоорлор керек. Жаңы өнүгүү жолдорунан өтүү үчүн биргелешкен издөө, жалпы талкуулар, тажрыйба менен бөлүшүүгө көңүлдөн аракеттер керек”, - деди Жээнбеков.

Ал кезинде бир өлкөнүн педагогдорунун — КМШ мамлекеттеринин мугалимдеринин бүгүнкү сьезди мезгилдин чакырыктарына биргелешкен изденүүлөргө жана жоопторго арналарына ишенерин билдирди.

“Өз заманынын чакырыктарына акылман жоопторду тапкан улуу агартуучу Жусуп Баласагындын жеринде сиздер анын мурастарына шыктануу менен сьезддин жемиштүү ишин камсыз кыласыздар деп ишенем”, - деп кошумчалады президент.

Ал ошондой эле быйыл дүйнө жүзүндө кыргыз элинин сыймыктуу уулу, белгилүү жазуучусу жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленип жатканын эске салды.

“Жазуучунун „Биринчи мугалим“ повестинин каарманынын мекенинде билим берүү системаларыбыздын алдына турмуш тарабынан коюлуп жаткан суроолорду чечүүгө жаңы ыкмалар табылат деп ишенем”, - деди Жээнбеков.

Сөзүнүн аягында ал катышуучуларга ден соолук, чыгармачыл ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий