• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркмөнстанда почта кызматтары кымбаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Түркмөнстанда 1-октябрдан тарта почта кызматына болгон тарифтер жогорулады. centralasian.org маалыматына караганда, баалар болжол менен 60 пайызга көтөрүлдү.

«Почта менен жүк жөнөтүүнүн тарифи кымбаттады. Эгер жакында эле 20 килограммдык жүктү Орусияга жөнөтүү үчүн 500 манат төлөнсө, эми бир килограмм жүктүн баасы 145, андан кийинки ар бир килограммы 35 манаттан эсептелип калды. Украинага мурда 20 килограмм жүк жөнөтүүнүн баасы 600 манат болсо, азыр 994, АКШга 700 манат болсо, азыр 850 манат болуп калды», — деп жазды басылма.

Түркмөнстан Борбордук банкы тарабынан белгиленген доллардын курсу 3,5 манатка барабар. Бирок көмүскө базарда иштегендер 1 АКШ долларын 20,5-21 доллардан сатып алышууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, бул быйылкы жыл ичинде өлкөдө почта кызматтарынын экинчи жолу кымбатташы. Буга чейин тарифтер январда жогорулатылган. Бирок эл бул тууралуу мурдагы жолкусундай эле жүктөрүн жөнөтүп жатканда гана билишкен.

Түркмөнстанда башка өлкөлөргө жүк жөнөтүүдө бир нече талаптар жана чектөөлөр бар. Алсак, жүктүн салмагы 20 килограммдан ашпашы керек жана тиешелүү органдардын текшерүүсү үчүн анын оозу тигилип же бекем жабылбашы зарыл.

Пикир

Оставить комментарий