• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УИА окумуштуу айымдарды энелер күнү менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 19-май /Кабар/. Улуттук илимдер академиясы академиянын илимге эмгеги сиңген ардактуу аял окумуштууларын жана жалпы эмгек жамаатындагы айымдарды энелер күнү менен куттуктады. Бул тууралуу УИА басма сөз кызматы билдирди.

Ардактуу илимпоз айымдар – академиктер: К.Р. Рыскулова, Р.Д. Дженчураева, Ш.Ж.Жоробекова, корреспондент-мүчөлөр: Р.А. Максумова, Ж.Т. Уметалиева жана Р.З. Кыдырбаеваны УИАнын президентинин милдетин аткаруучу Мурат Жуматаев куттуктоо менен бирге сыйлуу белектерди тапшырды.

“Ар бир эле адам “Эне” дегенде өзүнүн апасын эстеп, апасын качандыр бир капа кылган учурун, кантип тарбия алганын эскерет болушу керек. Ал эми бардык эле энелердин максаты балдарынын жакшылыгын көрүү го. Биздин эмгек жамааттагы айымдардын бардыгы өзүнүн, балдарынын, айрымдары неберелеринин дагы ийгиликтерине кубанып турган учуру. Биз силерди майрамыңар менен куттуктайбыз! Силер менен сыймыктанабыз! Кудайым дагы көп жылдар бою сыймыктанганга мүмкүнчүлүк берсин” – деди М.Жуматаев.

“Мен эне дегенде жазды, жаңыланууну элестетем. Эне бул - тукум улоочу, тарбиялоочу, үйдүн куту. “Бейиш - эненин таманынын алдында” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Академияда өзүнүн мектебин түзгөн, көп ийгиликтерге жетишкен коллегаларыбыз иштейт. Биз алар менен сыймыктанабыз жана майрамы менен куттуктайбыз!”, - деди УИАнын академиги, Физика-техникалык, математикалык, тоо-кен–геологиялык бөлүмүнүн төрагасы Алтай Бөрүбаев энелер күнү менен куттуктап.

УИАнын корреспондент-мүчөсү Раиса Кыдырбаева куттуктоолорго ыраазычылыгын билдирип: “Эске алып куттуктап жатканыңарга ыраазычылык билдирем. Тандап алган маселелерибизди таштабай аягына чыгарып, оош-кыйыш күндөрдө ийиндеш болуп бирге иштедик. Ошол күндөрдөн бери чогуу эмгектенип келген кесиптештериме чоң ыраазычылык билдирем”, -деди.

Пикир

Оставить комментарий