• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Ат-Башы" салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери мыйзамсыз акча чогултууга шектелүүдө

Укук тартиби 0


Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу "Ат-Башы" салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылай1ык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин Нарын райондук автомобиль, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын Ат-Башы райондук салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан Кытайдан жүк ташууга адистешкен оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, жогоруда аталган Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылында жайгашкан салмак-габариттик көзөмөлдүн кызмат адамдары мыйзамда белгиленген нормаларды кыйгап өтүп, материалдык баюу максатында оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан 500 сомдон 3 миң сомго чейин акча каражаты системалуу түрдө алынып, белгиленген өлчөмдөгү салмактан ашып кеткен фактыларды жашырып жана айып төлөөдөн качууга жардам берип келишкен.

Салмак жана габариттик контроль кызматкерлери тарабынан айып салынган каражаттардын белгиленген өлчөмүн (17 миң 500 сомдон жана андан ашык) кем баалоодон жана аларды максатсыз пайдалануунун натыйжасында өлкөнүн бюджетиндеги финансылык ресурстардын жоголушуна алып келди. Козголгон кылмыш ишинин жана соттун чечиминин алкагында Ат-Башы райондук салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызмат адамдарынын бардык мыйзамсыз аракеттери видео/аудио жазууга жазылып, бул фактыларга тиешеси бар адамдар кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Иштин жагдайларын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө, ошондой эле бул фактыга башка адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо максатында тиешелүү тергөө-ыкчам чаралары көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий