• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент Динара Кутманованын баласынын "уурдалышы" боюнча комментарий берди

Президент 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган кезектеги маегинде мурдагы жаратылыш министри Динара Кутманованын баласынын уурдалышы боюнча комментарий берди.

Президент белгилегендей, Кутманованын баласын эч кандай эч ким уурдаган эмес.

"Мага да Динара айым ыйлап кайрылганынан чындап эле ишенип алыпмын. Дароо министрге чалдым. Чалсам "спектакль уюштуруп атышыптыр" дейт. Көрсө, жоопкерчиликтен качыш үчүн өздөрү уюштуруп коюшуптур. Түркияда кармалып турат. Жакында депортация болуп келет. "Кумтөр" маселесинде колдоду эле деп кантип жоопкерчиликтен четтетип коебуз? Мага жеткен маалыматтар боюнча "Кумтөрдөн" жаратылышты жашылдандырууга деп бөлүнгөн акчаларды жеп коюптур" деп атышат. Бир тууган сиңдиси дароо баарын ачык айтып чыкты. Кайсы акчалар каяка кеткен, кимиси канча акча алган жана башка баарын айтып көрсөтмө берди. Эми баласы келсе ал да сурак берет. Тергөө көрсөтөт. Таза болсо акталышат. Жеп койгон болсо төлөшөт. Коомчулукка баары ачык болот", - деди өлкө башчы.

Белгилей кетсек, жогорудагы иш боюнча Динара Кутманованын жакындары кармалып, кылмыш иши козголгон. Кийин мурдагы министр "баламды бандиттер уурдап кетишти, акча талап кылып атышат" деп жазып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий