• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ак-Ордо конушундагы жол кырсыгы. Маршрутканын дагы бир жүргүнчүсү көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 24.07.23. /Кабар/. Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда орун алган жол кырсыгынын кесепетинен маршрутканын дагы бир жүргүнчүсү каза болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 50 жаштагы аял кырсыктын кесепетинен кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн, ал күн мурун көз жумду.

Белгилей кетсек, Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда жогорку ылдамдыкта келе жаткан жүк ташуучу унаа жүргүнчү ташыган №169 маршрутканы артынан келип сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен ондогон адам жабыркап, бирөө каза болгон.

Алдын ала маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаанын айдоочусу уктап кеткен.

Аталган факт боюнча КЖКнин 312-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу 1991-жылы туулган Т.Ч. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий