• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Баткен районундагы 12 дарыканада контрабандалык дары-дармектер аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.12.23./Кабар/. Баткен районундагы 12 дарыканага контрабандалык дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

КР УКМК тарабынан коңшу өлкөдө өндүрүлгөн 17 миң 393 таңгактагы “Алоэ экстракты суюктугу” медициналык препараттарын мыйзамсыз алып өтүү фактысы боюнча кылмыш иши иликтенди.

КР Соода-өнөр жай палатасынын 2023-жылдын 14-апрелиндеги №37-39 корутундусуна ылайык, медициналык буюмдардын жалпы баасы 2 608 950 сомду түздү.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандары А.Д.А., М.А.З. жана Т.М.А.га КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пункту боюнча кылмыш жасаган деп айып тагылып, кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлгөн.

Баткен облустук сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын жарандары А.Д.А., М.А.З. жана Т.М.А. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ар бирине 150 миң сомдон айып салынып, контрабандалык жүктөрдү ташуу үчүн пайдаланылган унаа конфискацияланды.

Мындан тышкары, жогоруда аталган кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Баткен районунун 12 дарыканада Кыргызстандын аймагында катталбаган “Алоэ экстракты суюктугу” аттуу контрабандалык медициналык дары-дармекти сатуу фактылары аныкталып, ага байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн жана учурда бул багытта тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

КР УКМК Кыргызстандын аймагында дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тыюу салынганын жана мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылаарын эскертет, ошондой эле жарандардан бул фактылар боюнча олуттуу чараларды көрүү үчүн билдирүүнү өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий