• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Кыргызстанда УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.10.17. /Кабар/. КР УКМК кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү 1994-жылы туулган Жалал-Абад облусунун А.А., аттуу тургуну кармалган.

Ведомствонун берген маалыматы боюнча, шектүү террордук топторду жок кылуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө колго түшкөн.

Маалым болгондой, 2012-жылы кармалган жаран Сирияга диверсиялык даярдыктан өтүү үчүн жиберилип, андан соң өкмөттүк аскерлерге каршы жүргүзүлгөн согуштук иш-аракеттерге катышкан.

УКТ башчысынын тапшырмасы боюнча, А.А., Кыргызстанга диверсиялык-террордук иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн активдүү даярдык көрүү максатында келген. Учурда ал “күтүү убактысында” жүргөн.

Кармалган кишиге карата кылмыш иши козголуп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий