• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК өлкөдөн дээрлик 60 млрд сомду чыгарып кетти деп шектелген Бахтияр Жолдошбаевди издөөдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Өлкөдөн акча каражатты чыгарып кетүү фактысы боюнча Бахтияр Жолдошбаев изделүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында өлкөдөн 59,5 млрд сом өлчөмүндөгү каражатты мыйзамсыз чыгарып кетүүгө катыштыгы үчүн 48 жаштагы Бахтияр Жолдошбаев изделүүдө.

"Издөөгө алынган Жолдошбаевдин жүргөн жери жөнүндө кандайдыр бир маалыматыңыздар болсо, УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө 0312-62-05-85, 0312-66-04-75, ошондой эле 0555-55-30-46 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Пикир

Оставить комментарий