• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улан Ниязбеков Кытайдын коомдук коопсуздук министринин орун басары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 10-апрелде Бишкекте ички иштер министри Улан Ниязбеков Кытайдын коомдук коопсуздук министринин орун басары Ду Ханьвэй менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улан Ниязбеков Ду Ханьвэйге бүгүнкү иш сапары үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул жолугушуу Кыргызстан менен Кытайдын министрликтери ортосундагы бекем эки тараптуу кызматташтыктын уландысы экенин белгиледи.

“Кызматташтык мезгилинде элчилик тарабынан ички иштер органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө потенциалын күчөтүүгө олуттуу салым кошулду. Айрыкча, материалдык-техникалык жактан көмөк көрсөтүү боюнча бир топ жакшы мамилелер түзүлгөн. Мындан тышкары, биз Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлиги менен кызматташтыктын жогорку деңгээлине жеткенибизди чоң кубаныч менен белгилейбиз”, - деди ал.

Ниязбеков белгилегендей, бүгүнкү күндө уюшкан кылмыштуулук, экстремизм жана наркотрафик менен күрөшүү бир мамлекеттин аракети менен дээрлик жеңилгис экенин белгиледи. Алар менен күрөшүү көптөгөн өлкөлөрдүн, өзгөчө чек арага чектеш жана коңшу мамлекеттердин укук коргоо органдарынын биргелешкен, макулдашылган аракеттерин талап кылат.

“Биздин мамлекеттер үч “жамандык күчтөрүнө» - эл аралык терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге, ошондой эле киберкылмыштуулукка, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка жана наркотрафик коркунучуна каршы күрөшүүдө кызматташуу маселелери боюнча бирдиктүү позицияларга ээ",- деди КР ички иштер министри.

Ведомстволор ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, жаңы чакырыктар жана коркунучтар менен күрөшүүдө маалыматтык технологиялардын жетишкендиктерин колдонуу жаатында, ошондой эле криминалистика чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу боюнча өз ара аракеттенүүнү күчөтүү максатында кыргыз тарап кытайлык кесиптештерине КР ИИОнун кызматкерлери үчүн тренингдерди жана окутуу курстарын өткөрүүнү уюштурууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий