• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук банк дагы интервенция жасады. 500 миң доллар сатылды

Экономика 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Улуттук банк ноябрь айынын эсеби менен валюта рыногунда үчүнчү ирет интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Улуттук банк бул ирет валюта рыногуна 500 миң доллар (бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен) саткан.

Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногунда 18-ирет интервенция жасап жатат.

Белгилей кетсек, акыркы жумаларда Кыргызстанда доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда.

Пикир

Оставить комментарий