• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сомдон берилет. Буйрукка Жапаров кол койду

Президент 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. КР президенти Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сом өлчөмүндө бир жолку колдоо көрсөтүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңишинин бүткүл дүйнөлүк тарыхый маанисин эске алып, кыргызстандык жоокерлердин улуу эрдигине терең сый-урмат көрсөтүү менен таазим этип, ардагерлерге Ата Мекенди коргоодогу эрдиги жана баатырдыгы үчүн ыраазычылык билдирүү иретинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров буйрукка кол койду. Ага ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине кошумча бир жолку социалдык колдоо көрсөтүү иретинде 70 миң сомдон бөлүндү.

2021-жылдын 1-апрелине карата маалымат боюнча Кыргыз Республикасында Улуу Ата Мекендик согуштун 146 ардагери бар.

Пикир

Оставить комментарий