• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл форуму — тарыхты, учурду жана келечекти түшүнүүнү жаӊы деӊгээлге чыгарды – президент

Президент 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. III "Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары" эл аралык Ысык-Көл форумун өткөрүү дүйнө жүзүнөн келген чыгаан интеллектуалдарга кийлигишүүнү талап кылган азыркы замандын көйгөйлүү маселелерин талкуулоого мүмкүндүк берет. Бул тууралуу бүгүн «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан форумдун расмий ачылышында айтылды.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп жатып билдиргендей, мындай ири иш-чаранын Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлүшү өзгөчө тарыхый мааниге ээ.

“Көп учурда Борбордук Азия глобалдык тенденциялардын башаты болуп, адамзаттын тарыхындагы жаӊы этаптарды аӊдап сезүүгө ыӊгайлуу аймак болгон. Анткени бул регион — ар кандай цивилизациялардын, улуттардын, диндердин, маданияттардын айкалышы орун алган дүйнө жүзүндө өтө сейрек кездешчү чөлкөм.

Тарыхтын ар кайсы мезгилинде, Борбордук Азияда рим, түрк, иран, грек, араб, кытай цивилизациялары жайылган. Бул территория, фанатизм эмес, эркин ой жүгүртүүнүн мейкиндиги болгон. Орто Азия элдеринин менталитетинде көчмөндөрдүн улуу көчүнүн издери калган, сенек болбой, түбөлүк кыймылдын деми сезилип турган”, - деп билдирди мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий