• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көл форумунда менин кыялымды жаңыртышты - германиялык журналист

Коом 0


Чолпон-Ата, 07.10.18. /Кабар/. Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган III “Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары” эл аралык Ысык-Көл форумунда жазуучунун урматына Германиянын Берлин шаарында клуб түзүү демилгеси айтылды.

Аталган аянтчада Германиянын атынан катышып жаткан журналист Ирмтрауд Гучхе бул идея анын чоң кыялы болгондугун белгиледи.

“Айтматовдун клубун Берлинде түзүү менин кыялым болчу. Ал клуб жазуучунун чыгармачыл мурасы сакталган эле жер болбостон, ар кандай улуттардын өкүлдөрү жана ар кайсы мамлекеттердин дипломаттары жолугуша ала турган жай болушу керек”, - деди конок.

Форумдун отурумдарынын биринде сүйлөп жатып ал форум жогорку деңгээлде өткөнүн, ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулардын ортосунда мазмундуу диалог болгонун айтып өттү.

“Аябай кызыктуу билдирүүлөр болду. Айтматов биз баарыбыз бир кайыктабыз деп айткандай, диалогдордо өз ара түшүнүү руху, өз ара көз карандылыктын түшүнүүчүлүгү сезилип турду. Бул кайыкта бир эле адам эмес, жаратылыш жана экология дагы бар”, - деди ал.

Германиядан келген журналист сессиянын бардык катышуучулары эч кандай технологиялык процесстер жана илимий изилдөөлөр адамзатка жана жандуу чөйрөгө коркунуч алып келбеш керектигин айтышкандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий