• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Жаштар жана шайлоо-2021: деструктивдүү иш-чараларды алдын алуу» темасында онлайн-конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-январда, «Жаштар жана шайлоо-2021: деструктивдүү иш-чараларды алдын алуу» темасында онлайн-конференция өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Онлайн-конференциянын катышуучулары менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Самат Токтоналиев саламдашып өттү: «Конференцияны баштардан мурда, баарыңыздарды Жаңы жылыңыздар менен куттуктап, алдыга койгон максаттардын орундалышын каалап кетүүгө уруксат бериңиздер. Биздин жашоо күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүү менен чектелбеши керек, бизде максат, кыялдарыбыз, алдыга койгон пландарыбыз болуш керек. Биз четте туруп, өзгөрүүлөрдү байкап гана тим болбой мыйзамдын чегинде катышып, Кыргызстандын жаркын келечегин курууга өз салымыбызды кошсок болот. Бүгүнкү конференция биздин жаштарды бирөөнүн куралына айлана турган мыйзамга каршы келген иш-чараларга катышуусун алдын алууга багытталган».

Ошондой эле «Бириккен Жаштар Уюму» коомдук уюмунун президенти Аскар Шайкидинов аталган темада презентация жасады.

Онлайн-конференцияга 100дөн ашык адам катышты. Билим берүү жана илим министрлигинин, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, «Жашстан» долбоорунун тынтчтыкты куруучулары, Мамагенттиктин облустук башкармалыктарындагы жаштар иштери боюнча адистери жана жогорку окуу жайлардын студенттери жана башкалар.

Иш-чаранын максаты – шайлоо алдындагы, шайлоо жана шайлоодон кийинки мезгилдерде жаштардын мыйзамга каршы келген акцияларга, радикалдуу, диний, экстремисттик жана криминалдык топторго тартылуусун алдын алуу.

Белгилей кетсек, иш-чара Спорт агенттигинин жана Бириккен Жаштар Уюму менен биргеликте өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий