• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Татарстанда Кыргызстандын диний чөйрөсүнүн өкүлдөрү кыргыз студенттери менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Кечээ, 26-апрелде Татарстандын Казань шаарындагы Россия ислам институтунда окуган кыргыз студенттери менен Кыргызстандын диний чөйрөсүнүн өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Кыргызстандын делегациясынын Казань шаарына болгон иш сапарынын алкагында өткөрүлдү.

Делегация студенттердин жашоо шарты менен таанышып, окууларына ийгилик каалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында КР Мусулмандар дин башкармалыгы менен Татарстандын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, жаштарды руханий-адептик тарбиялоого жигердүү катышуу, мигранттардын Россиянын коомуна ыңгайлашуусуна көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Мындан тышкары, Россиянын Ислам институтунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө диний билим берүү маселелери, кыргыз жарандары үчүн жеткиликтүү жеңилдиктер, ошондой эле студенттер үчүн квотаны көбөйтүү маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий