• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ диний маселелерди чагылдырууда мыйзамда көрсөтүлгөн нормалардын чегинен чыкпоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 05.12.20. /Кабар/. КР Ички иштер министрлиги диний маселелерди чагылдырууда мыйзамда көрсөтүлгөн нормалардын чегинен чыкпоого чакырат.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, акыркы убактарда айрым маалыматтык агенттиктерде жана социалдык тармактарда дин жөнүндө, диндин коомдогу орду жөнүндө материалдар жарыяланууда.

Анда өзгөчө этияттуулукту талап кылган дин жана радикализм маселелерине тиешелүү билдирүүлөр чагылдырылган. Анын ичинен Конституциядан "Мамлекеттин башкаруусуна дин аралашпаган" түшүнүгүн алып салуу тууралуу сунуштар кызуу талкууга алынып, коомчулук интернет мейкиндигинде ар кандай пикирлерин айтууда.

Ушуга байланыштуу, Ички иштер министрлиги калкты радикалдаштыруу аракеттерин көргөн материалдарга көңүл бурууга милдеттүү. Ички иштер министрлиги жарандардан, диний жана коомдук ишмерлерден аталган маселени талкуулоодо өзгөчө этият болуп, калкты тынчсыздандырбоого жана мыйзамда көрсөтүлгөн нормалардын чегинен чыкпоого чакырат.

Ички иштер министрлиги диний кастыкты козутуу аракетинин көргөндөргө карата мыйзамдагы бардык нормаларды жана ыйгарым укуктарын пайдалануу менен тез арада чараларды көрөт. Эгерде жогоруда айтылган талкууларда диний аралык араздашуу элементтери байкалган болсо, мыйзамга ылайык чаралар колдонулат.

Ички иштер министрлиги диний кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү, андан сырткары, жалган маалыматтарды жана ушуга окшогон материалдарды таратуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

ИИМдин бөлүктөрү ушундай билдирүүлөрдү тараткандарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Пикир

Оставить комментарий