• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тарыхчы: Президенттердин жолугушуусу глобалдык коркунучтарга туруштук берүүгө эффективдүү курал

Коом 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. 20-21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусу өтөт. Жолугушууга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышат.

Тарых илимдеринин доктору Айнура Арзыматова “Кабар” агенттигине билдиргендей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын жолугушуусу глобалдык коркунучтарга туруштук берүү үчүн эффективдүү курал болуп саналат.

“Дүйнөлүк процесстер Борбор Азияны айланып өтпөй көбүн эсе түздөн-түз ага тиешелүү болуп келет. Мындан улам аталган өлкөлөрдүн бардык лидерлеринин чогулуп, чакырыктарды талкуулоосу глобалдык процесстерге өз убагында берилген жооп болуп саналат. Мындай жолугушуу бири-бирине тилектештикти көрсөтүп, көп нерседен кабар берет”, - деп эсептейт эксперт.

Арзыматова жолугушууда эл аралык терроризм көйгөйлөрү, азык-түлүк коопсуздугу жана дүйнөлүк державалардын санкцияларына туруштук берүү маселелери талкууланарын белгиледи.

“Борбор Азия өлкөлөрүндө суу ресурсу жана энергетика сыяктуу ички көйгөйлөр жок эмес. Бул региондогу өлкөлөр бири-бирине көз каранды. Ушундай жолугушуулардагы ички көйгөйлөрдү тыкыр талкуулоо гана аймактын өнүгүүсүнө бекем пайдубал болот”, - деп жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий