• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көл: Өзгөчө кырдаал учурунда тартип бузган айдоочуларга чаралар көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында өзгөчө кырдаал режими учурунда тартип бузган айдоочуларга чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаал тартиби киргизилген Балыкчы шаарында “Ак-Кеме” жана Тоң районунун аймагында “Кызыл-Омпол” санитардык-карантиндик посттордо жана башка облус аймактарында 12 фильтрациялык постто жалпысынан 33 кызматкер кызмат өтөп жатат.

"Өзгөчө кырдаал киргенден бери Ысык-Көл облусунун аймагында көчөлөрдө өткөрмө кагаздары же маршруттук баракчалары жок, максатсыз, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн автоунаа башкарып жүргөн унаалар текшерүүгө алынган. Териштирүү иштери жүргүзүлүп, талапка туура келбегендери атайын унаа токтотуучу жайга киргизилип, айдоочуларына жана жүргүнчүлөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан облустук жол көзөмөлчүлөр тарабынан ар кандай жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган 1174 айдоочуга карата бузуулар тууралуу протоколдор түзүлгөн, алардын ичинде 50дөн ашыгы унааны мас абалында башкарган, баардык жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде чара көрүлүүдө. Облус аймагында жол кырсыктарынын саны үч эсе кыскарды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий