• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө 3 бала акониттин эритмесине ууланып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

Коом 0

Бишкек, 10.08.2018. /Кабар/. 3 бала аконит өсүмдүгүнүн эритмесине ууланып, жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Мындай маалыматты "Кабар" агенттигине Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Күч органдарынын маалыматына караганда, Түп районунда 3 жашы жете элек бала аконит өсүмдүгүнүн эритмесине ууланып, ооруканага түшкөн.

Белгилүү болгондой, Ак-Булак айылында жашаган 25 жаштагы аялдын толгоосу келип, Караколдогу төрөт үйүнө кеткен. Жолдон Күрмөнтү айылынан 3 жана 4 жаштагы 2 баласын өзүнүн 54 жаштагы апасына таштап кеткен. Анын үйүндө дагы бир 9 жаштагы небереси болгон.

“Чоң энеси алаксып кеткенде балдар ичине “Ысык көл тамырынын” эритмеси куюлган жана ширенин этикеткасы чапталган бөтөлкөнү таап алышкан. Алар аны шире экен деп ойлоп, үчөө кезек менен бөтөлкөдөгүнү ичишкен. Натыйжада ууланышып, Түп райондук ооруканасына жеткирилген. Балдардын ата-энелери арыз жазуудан баш тартышкан. Балдар учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө”, - деп билдиришти ички иштер башкармалыгынан.

Пикир

Оставить комментарий