• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде браконьерликке каршы рейд жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде браконьерликке каршы рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-27-апрелде Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери Балык чарба департаментинин Ысык-Көлдөгү өкүлдөрү менен биргеликте балык кармоого тыюу салынган Ысык-Көл акваториясындагы № 39 участкасынан синтетикалык балык уулоочу узундугу 8700 метр болгон 87 даана тор чечип алды.

Мамэкотехинспекция жапайы жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылууга, балык уулоого, кытай торлорун колдонууга тыюу салынгандыгын жана колдонгон учурда жоопкерчилике тартылып, браконьерлик шаймандар, жаныбарлар, балыктары мыйзамдын чегинде тартып алынарын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий