• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө рейд учурунда 21 ок атуучу курал алынып, 9 кылмыштын бети ачылды

Аймак 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 22-24 ноябрь күндөрү ок атуучу куралдардын, жардыруучу заттардын мыйзамсыз жүгүртүү учурларын аныктоо жана куралдардын колдонуусу менен кылмыштардын алдын алуу максатында «Арсенал» аталышындагы рейди өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үч күндүк иш чаранын жүрүшүндө миңден ашык мергенчилер, газдык жана травматикалык куралдардын 82 ээси текшерүүдөн өтүштү. Курал-жарактар сакталган 12 уруксат берүүчү объектилер изилденип чыкты. Операцияга тартылган милиция кызматкерлери тарабынан 9 мурда жасалган кылмыштардын бети ачылып, издөө жүргөн 2 кылмышкерлер колго түшүрүлгөн.

Милиция кызматкерлеринин көрүлгөн иш-аракеттеринин натыйжасында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 21 даана ок атуучу куралдар алынды, анын ичинен 3 сайлуу жана 18 сайсыз куралдар. Бардык аныкталган фактылар шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда Жазык кодексинин 253-беренесинин ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") негизинде тергөө амалдары жүрүүдө.

Жыйынтыгында жалпы курал-жарактарга байланыштуу 53 протокол түзүлдү, анын ичинен 49у сактоо эрежелерин жана төртөө каттоо мөнөөтүн бузуу болуп саналат. Аныкталган фактылар боюнча Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде айып пулдар салынды.

Пикир

Оставить комментарий