• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө сел калдыктарын тазалоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Ысык-Көлдө сел калдыктарын тазалоо иштери уланууда, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

Маалыматка ылайык, 1-август күнү саат 07:00 чамасында кыска-мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн Өрнөк айылында сел жүрүп, ички чарбалык каналдын 900м аралыгын сел суулары каптаган, ошондой эле 30 турак үйдүн короолорун каптап, жерге сиңип кеткен.

Мындан тышкары, «Эдельвейс» эс алуу борборунун аймагында жайгашкан 1 кафе, 1 соода түйүнүнүн кооросун жана ички чарбалык жолдун 4800м аралыгын каптаган. Жерине Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнөн 1 эксковатор, Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 1 офицер тартылган.

Пикир

Оставить комментарий