• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлгө Москва жана Новосибирсктен авиакаттамдар ачылат

Коом 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. 2022-жылдын июнь айында Россиянын Москва жана Новосибирск шаарларынан Ысык-Көлгө жаңы туруктуу каттамдарды ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 16-июндан тартып «Аэрофлот» авиакомпаниясы Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча жумасына эки жолу - бейшемби жана ишемби күндөрү каттамдарды аткарууну пландаштырууда.

Ал эми 19- июндан тартып S7 Airlines авиакомпаниясы Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча жумасына бир жолу - жекшемби күндөрү каттамдарды аткарууну пландаштырууда.

Пикир

Оставить комментарий