• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Каралбай жаткыча карылар, балдар үчүн пайдалуу иш болсун”. Жапаров Бакиев менен Атамбаевдин үйү боюнча

Президент 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Би-Би-Сиге курган маегинде коомчулуктун учурдагы актуалдуу суроолоруна жооп берген.

Би-Би-Си кыргыз кызматынын журналисти "Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйү майып балдарга берилип жатат, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү карыялар үйү болгону турат. Эмнеге мындай чечим кабыл алынды?" деген суроо узаткан.

Президент жооп берип жатып, өлкө боюнча карылар үйү дагы, майыптар үйү дагы жетишсиз экендигин белгилеп өттү.

“Ошондуктан ушундай чечим кабыл алынды. Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү эмне үчүн карыларга берилгенинин себеби, карыларыбыз калган өмүрүн ошол жерде таза абада, таза суу ичип өткөрүшсүн деген ниет болду. Ата-энени, карыяларды сыйлабаган калк эч качан жакшылык көрбөйт. Ошол үчүн дайыма карыларыбызды сыйлай жүрөлү. Атамбаевдин тарапташтары мага доомат арткыдай, анын үйүн мен конфискация кылган жокмун. Атамбаевдин үйү Жээнбеков маалында, ал эми Бакиевдин үйү Атамбаев маалында эле соттун чечимдери менен конфискация болгон. Андан бери эч кыймылсыз каралбай жаткан. Азыр ал үйлөр - мамлекеттики. Түбөлүк каралбай жаткыча карылар менен балдар үчүн пайдалуу иш жасап коелу деп курулуш иштерин баштап жатабыз”, - деп жооп берген өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий