• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өзбек окумуштуулары коронавируска каршы бир нече вакцинанын үстүнөн иштеп жатышат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Өзбек окумуштуулары коронавируска каршы бир нече жергиликтүү вакцина жаратуунун үстүнөн иштеп жатышат. Бул тууралуу өлкөнүн ииновациялык өнүгүү министри Ибрагим Абдурахманов билдирди.

Бүгүнкү күндө өлкө ZF-UZ-VAC 2001 деп аталган өзбек-кытай биргелешкен вакцинасын жана Россиянын "Спутник V" вакцинасын өндүрүп жатканын айткан министр жергиликтүү вакциналарды өндүрүү боюнча аракеттер да жүрүп жатканын кошумчалады.

"Биздин окумуштуулар дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндөгү, анын ичинде Россиядагы кесиптештери менен байланышта болуп, коронавируска каршы бир нече жергиликтүү вакцинанын үстүнөн активдүү иштеп жатышат", - деди Абдурахманов.

Ошол эле маалда министр Өзбекстанда иштелип чыгып жаткан вакциналардын так санын айткан жок.

Жарым жыл мурда Инновациялык өнүгүү министрлиги өзбек окумуштуулары эки вакцинанын үстүнөн иштеп жатканын билдирген.

Сентябрдын аягында Jurabek Laboratories ишканасы менен биргеликте өндүрүлгөн ZF-UZ-VAC2001 вакцинасынын 1 458 820 дозасы өлкөнүн Коомдун санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы кызматына өткөрүлүп берилгени кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий