• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда каньондогу селден мугалим менен окуучу каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. 29-майда Казакстандагы Чарын каньонунда күтүүсүз башталган сел агымы эки кишинин өмүрүн алды.

Өлкөнүн Билим берүү министрлиги каза болгондор Алматыдагы №199 гимназиянын мугалими менен окуучусу экенин кабарлады. Ал күнү окуучулардан, мугалимдерден жана ата-энелерден турган топ каньонго экскурсияга барышкан.

«Экскурсияга баргандардын арасында сегиз окуучу болгон. Аларды үч мугалим жана беш ата-эне коштоп барган. Кырсыктан бир мугалим менен окуучу кыз каза болду. Мындан тышкары үч окуучу жаракат алды. Алар канааттандыраарлык абалда ооруканага жеткирилди», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Чарын каньону — Алматы шаарынан 200 чакырым алыстыктагы Чарын дарыясынын жээгинде жайгашкан уникалдуу жаратылыш эстелиги. Алматы облусунун негизги туристтик объектилеринин бири эсептелген бул жайга жылына жүздөгөн киши барып турат.

Пикир

Оставить комментарий