• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкентте 133 салык кызматкери иштен алынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 08.04.19 /Кабар/. Ташкенттин Шайхантахур райондук салык бөлүмүнүн бардык 133 кызматкери жумуштан айдалды. Бул тууралуу аталган мекемедеги өз булактар билдиришти.

«Атайын отряд келип, баарыбыз өз каалообуз менен жумуштан кетүү тууралуу арыз жазышыбыз керектигин айтышты. Бул президент Мирзиёевдин буйругу деп, бир күндө 133 кызматкердин баары иштен алынды», — деп билдирди булак.

Өлкөнүн Мамлекеттик салык комитетинин басма сөз кызматы бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

4-апрелде Ташкентте салыктарды чогултуу боюнча пландын аткарылышына арналган өкмөттүк жыйын өтүп, анда президент Шавкат Мирзиёев борбордогу салык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин сынга алган.

Пикир

Оставить комментарий