• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда полициячы менен гезит ортосундагы жаңжал Жогорку сотко жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.08.17 /Кабар/. Казакстанда Жогорку сот полициячы Даниар Ракишевдин ”Орол жумалыгы” гезитинин редактору Тамара Еслямовага карата жазган доо арызын канааттандырган чечимин жокко чыгарды.

Буга чейин шаардык сот моралдык зыян үчүн конпенсация иретинде тарип сакчысына үч жарым миллион теңге төлөп берүү чечимин чыгарган. Анын эки миллиону “Журналисттик демилге” уюмунун, бир жарым миллиону редактордун мойнуна илинген.

Полициячы болсо доо арызында жалпысынан 10 миллион теңге сураган. Тартип сакчынын пикиринде, редактордун ”Ракишев сыяктуу майорлор эмнеден коркушат?” деген макаласы анын аброюна шек келтирген.

Журналист Оролдо жаздагы жер реформасына байланыштуу акцияда журналисттер массалык түрдө кармалгандан кийин, майор Ракишев андан кечирим сураганын жазган. Тартип сакчысы муну четке каккан.

Редактор эми төлөгөн компенсациясын кайтарып алууга ниеттенүүдө.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий