• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстанда мечиттерде намаз окууга кайрадан тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Тажикстан Ислам борборунун Уламалар кеңеши коронавирус коркунучунан улам мечиттерде намаз окууга кайрадан тыюу салды. Бул чечим 18-апрелден тартып күчүнө кирет жана дүйнөдө эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин күчүндө болот.

Уламалар кеңешинин чечимине ылайык, мечиттерде намаздын бардык түрүнө, анын ичинде Рамазан айында окула турган таравих намазына да тыюу салынды. Мындан тышкары жапырт түрдө ифтар өткөрүүгө чектөө киргизилди.

2020-жылы Рамазан айы 24-апрелде башталып, 23-майга чейин уланат.

Тажикстан Ислам борборунун Уламалар кеңеши коронавирус коркунучунан улам алгач 4-мартта мечиттерде намаз окууга тыюу салган. Анда мечитте жаназа окууга гана уруксат берилген.

Бирок эки жумадан кийин Тажикстандын дин иштери боюнча комитети тыюуну жокко чыгарган. Тажик бийлиги бул кадамын өлкөдө вирус жуктурган учур катталбаганы менен түшүндүргөн.

Пикир

Оставить комментарий