• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстан «чыгуу визасынын» мөөнөтү аяктаган алыскы өлкөлөрдөгү жарандарын жазалабайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12-июль /Кабар/. Алыскы өлкөлөрдө жүргөн жана башка мамлекеттерге чыгуу визасыз барган Өзбекстандын жарандары жазадан бошотулат. Өзбекстандын Германиядагы консулу Азим Озотовдун айтымында, бул тартип КМШ өлкөлөрүндө жүргөн өзбекстандыктарга тийиштүү болбойт, алар мурдагыдай эле визанын мөөнөтү аяктагандан кийин Өзбекстанга кайтып барышы керек болот.

Буга чейин башка өлкөлөрдө жүргөн өзбекстандыктардын мөөнөтү аяктаган чыгуу визасы менен үчүнчү мамлекеттерге баруусуна тыюу салынып келген. Алар кайрадан Өзбекстанга кайтып келип, эки жылдык мөөнөткө жаңы виза алууга мажбур болушкан. Мыйзамга ылайык, бул эрежени бузган жарандар эки жүздөн төрт жүзгө чейинки минималдык айлык акы өлчөмүндөгү айыппул менен жазаланып келишкен. Алар тараптан эреже бузуу дагы кайталанса, үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө камалган.

Өзбекстандын Виза жана каттоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, 2014-жылы чыгуу визасын алуу тартиптерин бузган жарандар үчүн жаза киргизилгенден кийин, өлкөдө бул боюнча соттолгон жарандардын саны өсүп кеткен.

"Мындай көрүнүштөрдү эске алып, 2016-жылдын майында күч түзүмдөрү өкмөттүн 1995-жылкы токтомуна өзгөртүүлөдү сунушташкан. Эми алыскы өлкөлөрдө жүргөн жарандардын визасынын мөөнөтү аяктаса, алар үчүнчү өлкөлөргө эч тоскоолдуксуз бара алышат. Алар Өзбекстанга кайтып келгенде эч кандай жазага тартылышпайт", – деди өлкөнүн Виза жана каттоо бөлүмүнүн кызматкери.

Өзбекстан – өз жарандарына өлкөдөн чыгуу визасын берүү тартибин сактап калган мурдагы Советтер Союзунун курамындагы жалгыз өлкө. Документ ички иштер органдары тарабынан эки жылдык мөөнөткө берилет. Анын баасы 30 долларга жакын.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий