• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан - БАЭ визалык талаптары жеңилдетилет

Президент 0

Бишкек, 12-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2017-жылдын 17-январында Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 7-июнунда кабыл алынган.

Меморандумда ырасталган улуттук дипломатиялык паспортторунун ээлери үчүн башка Тараптын мамлекетинин аймагына токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөттө кирүү, чыгуу, транзит жана болуу үчүн визаларды алуу талабынан бошотуу каралат.

Аталган Меморандумду ратификациялоо Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын дипломатиялык улуттук паспорт ээлери болгон жарандарынын өз ара катташуусун жеңилдетет, эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу макулдашуу-укуктук базаны кеңейтет жана саясый-экономикалык жана консулдук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий