• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Караганды облусунда шахтадан чыга албай калган жумушчунун сөөгү табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Караганды облусунун Ленин шахтасында өзгөчө абал учурунда тышка чыга албай калган жумушчунун сөөгү табылды. 13-январга караган түнү көмүр шахтасында ис чыгып, жумушчулар эвакуацияланган. Окуя учурунда машинист Николай Шадиров жер астында калып калган.

Буга чейин шахтага ээлик кылган "АрселорМиттал Темиртау" компаниясы издөө иштери жүрүп жатканын кабарлаган.

Маалыматка караганда, маркум компаниянын көмүр департаментинде 16 жыл иштеген. "АрселорМиттал Темиртау" жумушчунун үй-бүлөсүнө көмөк көрсөтө турганын билдирди.

Газдан ууланган дагы эки жумушчу ооруканага жаткырылды. Облустук ден соолук департаменти алардын жагдайы туруктуу, орто даражада ууланганын белгиледи.

Мамлекеттик органдар бир киши мерт болуп, эки киши жабыр тарткан окуяга байланыштуу комиссия түзүп, атайын текшерүү башталганын кабарлашты.

Ленин атындагы шахта 1964-жылы ачылып, 1968-жылы "Наклонная" шахтасы менен бириктирилген. 1996-жылы бул шахталар менен катар башка бир нече шахта, ошондой эле Темиртаудагы металлургиялык комбинат индиялык миллиардер Лакшми Миталлдын компаниясынын карамагына өткөн.

1970-жылдардан бери Ленин атындагы шахтада адам өмүрүн алган кеминде жети кырсык болгон. Алардын эң ириси 2006-жылы катталып, метандын жарылуусунан 41 жумушчу каза болуп, жетөө жаракат алган.

Эскерте кетсек, 13-январь күнү кечинде Караганды облусунда жайгашкан Ленин атындагы шахтада бургулоо иштеринин жүрүшүндө газ менен көмүрдүн иси тараган. Кырсык болгон маалда шахтада 137 жумушчу болгон. Алардын 136сы сыртка чыгарылып, калган бир адам изделип жаткан.

Пикир

Оставить комментарий