• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан Ооганстанда жогорку чыңалуудагы электр линиясын курууга киришти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.03.18 /Кабар/. Өзбекстан жогорку чыңалуудагы «Сурхон – Пули – Хумри» электр өткөрүү линиясын курууга киришти. Ооганстан аймагындагы иштер июль айында башталат.

«Узбекэнерго» ишканасынын төрагасы Улугбек Мустафоев билдиргендей, 260 чакырым узундуктагы линия курулса, Өзбекстан Ооганстанга электр кубатын жеткирүү көлөмүн 70% көбөйтөт. Долбоордун болжолдуу наркы 150 миллион доллар, анын ичинен 32 миллион долларын өзбек тарап берет.

«Келечекте бул линия электр энергиясын жеткирүүнү 70 пайызга жогорулатып, Пакистанга чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Башкача айтканда, жаңы рынок пайда болот», – деди Мустафоев.

Анын айтымында, линия үч жылда курулуп бүтөт жана 15 жылда өзүн актайт. Өзбекстан аймагында курулуш-монтаж иштери башталды.

Ташкент менен Кабул жогорку чыңалуудагы «Сурхон – Пули – Хумри» электр энергиясын өткөрүү линиясын куруу боюнча келишимге 2017-жылы декабрда ооган президенти Ашраф Ганинин сапары учурунда кол коюшкан.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий